Жеңиш Молдокматов камакка алынды
Бүгүн, 6-майда Туран партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов камакка алынды.Бул тууралуу анын тарапташы Эрлан Бекчоро уулу фейсбук баракчасына жазды.
Эске салсак, бүгүн эртең менен саат 10.00дө Молдакматов суракка кирип, саат 13:30 да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган.
Ал эки иш боюнча сурак берип жатат. Биринчиси 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси 9- октябрь боюнча козголгон кылмыш иш боюнча сурак берип жатат.
Биздин Инстаграм баракчабызга катталып акыркы окуяларды алгачкылардан болуп билип туруңуз.