Жаңылыктар

Жээнбеков: «Мен айта турган көп нерсе бар»

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №1327 шайлоо участогунда добуш берди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Сооронбай Жээнбеков төмөнкүлөрдү айтты:

“Бүгүн шайлоо күнү. Мен жарандык милдетимди аткардым. Ар бир жарандын тандоосу жашыруун болушу керек жана шайлоо күнү ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат.»Ал кошумчалагандай, экс-президент катары коомчулукта жана журналисттерде көптөгөн суроолор бар.

«Жеке менин дарегимде ар кандай пикирлер айтылууда, алар ар кандай тамашаларды түзүп, жайылтууну улантууда. Мен ушунун бардыгын угуп, окуп, талдап жатам. Албетте, айта турган сөзүм бар, көп нерсе бар. Өлкөдө саясый туруктуулук жаңы гана бекемделе баштады», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Яндекс.Метрика