Жаңылыктар

Жээнбеков менен Жапаров жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Анда алар өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашкан.


Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы өлкө өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому боюнча өз позициясын билдирген.
Анда президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгилеген.


«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», — деп баса белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Яндекс.Метрика