Жаңылыктар

Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 7-октябрда Сооронбай Жээнбеков Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

«Кыргыз-орус кызматташтыгын, мамилесин бекемдөөдөгү сиздин ролуңуз Кыргызстанда жогору бааланат. Кыргызстан дайыма Орусиянын ишеничтүү жана туруктуу союздашы болуп келген жана болуп берет», деп жазылган.

Жээнбеков Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана ийгилик, ал эми Орусия элине бакубатчылык каалаган. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Азырынча Жээнбеков кайда экени так белгисиз, ал эл алдына чыга элек.

Яндекс.Метрика