Жаңылыктар

Жээнбеков Таласты мактады

Бүгүн 23-июль президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Талас облусунда болду.

Облустун губернатору менен биргеликте медициналык кызматкерлер менен жолугушуп алардын облуска көпкө чейин коронавирусту киргизбей тургандарын мактоого алды.
‌Көк-Ой айылында кароосуз калган медицина борборун көрүп чыгып ал жер реконструкция болоорун айтты. 160 орунду борбор оңдоодон кийин 300 орундуу болот. Бул мед борбор 2005-жылдан бери иштебей калган.

Мындан тышкары облус боюнча бардык каралбай калган имараттарды оңдоп түзөп заманбап ооруканаларга айлантуу керектигин айтты. 23-июлга карай облуста коронавирус жуктуруп алгандардын саны 840 адам. Бул облустар боюнча эң төмөн көрсөткүч. Мындан тышкары облустун губернатору Мураталиев борборго көтөрүлөт деген имиштер бар. Кандай болот убакыт көрсөтөт.

Яндекс.Метрика