Кызыктуу

Жээнбековду сотко беришти

Президент Сооронбай Жээнбековду жана жогоруда отурган бир топ кызматкерлерди учурдагы абалды жөндөй албагандыгы үчүн жоопко тартуу тууралуу арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

13 – июль күнү Раушан Айткулова аттуу жаран Жээнбековду жана чиновниктерди учурдагы абалдын оорлотуп жибергендиги жана күн сайын өлүм катталып жатканына күнөлүү деп сотко берди. Арыз прокуратуранын жалпы бөлүмүндө катталды.

Мындан тышкары бул жаран бийликтегилерге импичмент жарыялоо тууралуу элден кол топтоп баштаган. Анын айтымында 3 миңге жакын адамдын колу топтолгон.

Яндекс.Метрика