Жаңылыктар

Жерүй алтын кенине Садыр Жапаров менен Путин барат

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы «Жерүй» кениндеги алтын иштетүү фабриканын ачылышына барат. Ачылышка Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди. Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолодобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Яндекс.Метрика