Саясат

Жерүй жабылсын деп кыйкырып жүргөн Таластын губернатору «кум жутуп» алды

Коомчулукка Айбек Мырза деген ат менен таанылган активист Айбек Бузурманкулов 4-октябрдагы төңкөрүштөн кийин Талас облусуна Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Активист болуп таанылышынын бирден бир себеби Жерүй алтын кенинин иштетилишине каршы чыгып, аны улутташтыруу керек экенин атйып, бир нече ирет элди чогултуп митингдерди өткөргөнүндө. «Жерүй жабылсын» деп кыйкырып жүргөнү бул жөн гана популизм экени эми билинип отурат. Көрсө бул эргулга кызмат эле керек болчу турбайбы.

Азыр ал айткан сөздөрүнүн биринин да дайыны жок. «Максатыма жеттим болду мага тийишпегиле» деген сыяктуу.

29-январда Талас районундагы Өмүралиев айыл өкмөтүндө Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы болуп жергиликтүү тургундар чогулушкандан кийин кыргыз Өкмөтүнүн Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков 5-февралда Талас шаарында Жерүй кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссиянын кеңешмесине катышты. Жыйынга 500дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышып, кенди иштетүүдө экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылышты.

Губернатор Бусурманкулов болсо кум жуткандай момпойуп отуруп берди. Жерүйдүн арты менен элге таанылып, кызматка келгенин унутпаса жакшы болмок. Бийлик алмашкандан кийин жаңы жүздөр, жаштар бийликке келди деп үмүттөнүп жүргөн карапайым элдин үмүтү акталбай калды көрүнөт.

Яндекс.Метрика