Жаңылыктар

Жерүйдө иштегендер тамакка ууланып калышканы айтылууда

Таластагы Жерүй алтын чыгаруучу фабрикада 18 адам тамакка ууланганын Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты. Бирок алар жумушун жоготуп алуудан коркуп, бул тууралуу эч кимге айтышкан эмес.

«Жерүй алтын кенинде мындан 2-3 күн мурда 18 адам тамакка ууланды. Тийиштүү органдар бүгүн гана кыймылдай баштады. Ал эми ууланган адамдарды эч кимге унчукпагыла деп коркутуп коюшкан. Алар жумушунан кол жууп калуудан коркуп үн катпай отурушат. Таластын жаңы жетекчисинин бул боюнча кабары барбы?»-деп жазган.

Аталган билдирүү Талас ОИИБнин маалыматты электрондук эсепке алуу журналына «Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу» фактысы менен каттоого алынды. Жарыяланган маалымат канчалык деңгээлде чындык экендигин аныктоо максатында жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн текшерүү жана иликтөө иштери башталды.
Талас ОИИБнин Басма-сөз кызматы.»

Яндекс.Метрика