Видео Жаңылыктар

Жер сатууда түзүлгөн «мафияны» Сокулук РОВДсы калкалайбы?

Бүгүн, 4-январь жер сатып алууда алданып калган бир нече адам митингге чыкты. Абышова Майрам аттуу жаран Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнөн жер алып берем деп миңдеген адамдардан акча чогултуп алган.

Учурда Майрам Абышова кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жабырлануучу тараптын айтымдарында канча далил бар болсо дагы Сокулук райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү ордуларынан козголбой ар кайсы шылтоону айтып ишти созуп жатышат.

Яндекс.Метрика