Окуялар

Жигитим алдап, кыздыгымды алып койду. Убагында атам көп кызды ыйлатыптыр…

Саламатсыздарбы эжелер. Азыр сиздердин кеңешиңиздерге муктажмын, болушунча жакшы жооп күтөм. Башым катып, эмне кылышты билбей отурам. Менин 2 жарым жыл сүйлөшүп жүргөн жигитим бар эле. Ал жарды үй-бүлөдөн болчу.

Анын шартын түшүнүп, болушунча колдодум, кандай болсо ошондой кабыл алдым. Акчага муктаж болчу, өзүм иштеген ишке аны орноштурдум. Экөөбүз чогу иштеп жүрдүк. Иштен кеч чыгат элек. Бир күнү күндөгүдөй иштен чыктык. Түн жарымы болчу, жигитим өзүн кармана албай мени зордуктап салды. Мен ыйладым, өзүнө келгенден кийин менден кечирим сурап өкүнгөнүн айтты. Мага сөз берди «сени алам, тыштабайм» -деп.

Анан дагы бул окуя экөөбүздүн ортобузда калышын айтты. Убакыт өтүп кийин сурап баштады. Мен кимдир бирөөгө айтышынан жана бул окуядан кийин мени таштап кетишинен коркуп анын суранычын жерге таштабадым. Бир бердим, эки бердим. Андан кийин анын каалоосу менен Кюкөп эле жатып жүрдүк. Мен коркчум, канча ыйладым.

Кийин эле жигитим мени басынта баштады, иштешкендеримден кызганып мага үн көтөргөн учуру да болду. Мен ыйлап гана калып калчым. Бир убакта жигитимден көңүлүм калып кетти. Сүйлөгөн сөздөрү, кылган мамилеси жакпай баштады. Өзүм эле алыстап калдым. Ойлондум эгер мени чындап сүйсө мага тийбейт болчу деп.

Бир убактары курут жегим келди, түн ортосу болчу, чыйпыйым чыгып кетти ыйлагым келип жүрдү. Анын үстүнө айыз да келбей калган. Качан боюман бүтүп калат деп ошентип коркуп жашадым. Өзүмдү жеп жүрдүм ага алданып калганым үчүн. Убакыттар өтүп кийин нервтен ооруп калдым.

Кийин апам билип калып сотко берем деп чыкты. Ыйлактап атып токтотуп калдым апамды. Аткени өзүмдүн атам канча кызды кордоп убалына калган экен. Апам айтып берди. Көрсө кайтар дүйнө экен мага кайтып келиптир. Муну атам билсе кана, түшүнсө кана. Мен ошентип ал баланы жашоомдон жоготтум. Апасы жалгыз бой эне болчу. Апасы кыйналмак эгер жигитим камалганда.

Кудайга койдум баарын. Эми мындан аркы жашоом эмне болот? Кантип жашайм? Болочоктогу күйөөм кандай түшүнөт? Анын бетин кантип карайм? Ушул ойлор мени жеп келет…

Яндекс.Метрика