Окуялар

Жигитимен боюмда болуп калып, баланы сатууга аргасыз болдум

Менин  атым Наргиза. 2017 – жылы мектепти аяктап, эл катары шаарга окууга тапшырдым. Үйдө эң кичүү болгондуктан ата-энем менин оюм менен болуп, аябай эрке өскөм. Ошентип жогорку окуу жайлардын биринде окуп калдым. Тынымсыз өтүп жаткан студенттик күндөрдүн биринде күндөгүдөй эле сабак бүтүп, үйгө бара жатып окуу жайдын алдында топтошуп турган балдардын арасында мага тигиле карап турган жигитти көрдүм. Мен да аны бир саамга тиктеп калдым, өзүмө келе калып,  уялып кеттим.  Жолдо баратып, жанагы жигит мени дагы эле тиктеп тургандай өзүнчө эле бир ордума тура албайм. Ошентип күндөр өтө берди. Бир күнү жолдо келатсам “Кандайсыз” деп бирөө учурашканынан артымды жалт карадым, бир чети сүйүнсөм, бир чети дагы уялып кеттим. Баягы  мени тиктеп турган жигит экен.

– Сиз менен таанышууга болобу- деп сылык сүйлөдү, менин атым Бексултан. Ошентип таанышып калдык. Күндөрдүн өтүшү менен убакыттын учушу менен достугубуз сүйүүгө айланып, кыз жигит  болуп калдык. Ансыз жашоомду элестетүү кыйын эле. Сүйүү күнү 14- февралда курбум экөөбүз Бексултанга белек тандап жүргөн элек. Аңгыча телефон шыңгырады. Ала койсом Бексултан экен.

-Алло Наргиза кечки сегизге кафеден жолугалы- деди. Кафеден жолугуп тандап жүрүп алган белегим кымбат галстукту бердим, ал мага алтын  чынжыр берди. Өмүрүндө мындай белек алып көрбөгөн жаным аябай кубанып Бексултанга болгон сүйүүмдүн оту дагы жалындай түштү. Убакыт бир заматта өтүп саат 12 болду. Кетээр убакыт болуп Бексултан – “Меникине эле калып кал, үйдө  экөөбүзгө арнап стол даярдап койдум”, деди. Жок дей албай макул болдум. Анан анын үйүндө отурдук Бексултан акырын туруп барып светти өчүрүп шам күйгүзүп, жай ойногон музыкадан койду. Ал күнү менден өткөн бактылуу адам жок эле.

Шампан ичип отурдук. Мени карап, “Жаным мунун баары сен үчүн, мен сага тийген биринчи жана акыркы эркегиң болойун. Мен сени сүйөм, эч качан таштабайм”,- деди. Анын сунушуна макул болдум. Ошол күндөн тартып чогуу боло баштадык. Бош боло калсам эле Бексултанга шашам. Күндөрдүн биринде бойумда бар экенин билдим. Түз эле Бексултанга барып баарын айттым, анын түрү шыр өзгөрүп –кайдан? Кандайча? Ким билет менден экенин, экинчи бул жерге келчү болбо деп үйүнөн кууп чыкты.  Не кылаарымды билбей жатаканага бардым.

Көпкө чейин башым маң болуп сабактарга да барбай жүрдүм. Эң жакын курбум Айжан экөөбүз калганда болгон окуяны ага айтып бердим. Айылга барбайм, ата энем, эл укса эмне дейт, андан көрө өлгөнүм жакшы деп абдан ыйладым. Айжан мага эжесинин 13 жылдан бери балалуу боло албай жүргөнүн айтып ошого төрөп берүүнү суранды. Мен аны туура көрдүм. Ошентип ай күнүм толуп кыз төрөдүм. Кызымды Айжандын эжесине 30 миң сомго  сатып, таштап баса бердим.  Андан бери 3 жыл өттү. Барып өз кызымды көргүм келет. Баламды кантип алаарымды билбейм,  баламды сагынам, куса болом. Кантип барам, кайра кантип алам???

Яндекс.Метрика