Жаңылыктар

Жириновский: «Назарбаев эчак эле каза болгон»

ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев эбак каза болуп, сөөгү жерге берилген деп айтып чыкты.

Орусиялык саясатчы буга экс-өлкө башчынын көптөн бери эл алдына чыкпаганы түрткү болгонун белгиледи. Ал «Комсомольская правда» радиосу аркылуу чыгып сүйлөгөн.


⠀«Менин оюмча, ал көп убакыт мурун каза болгон, жана жерге берилген. Мусулмандар каза болгон күнү эле сөөк коюшат. Эч нерсе айтпай, эл алдына чыкпай да тирүү болобу?», — деди Владимир Жириновский.

Анын айтымында, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов дароо камакка алынган.

Окуялардын мындай өнүгүшү «Чыгышта кадимки тартибинде», — деп кошумчалады саясатчы. Эл Нурсултан Назарбаевге массалык түрдө каршы чыккандыктан, мурдагы президенттен бат эле кутулуп коюшкан.

Буга чейин 7-январда Беларустун лидери Александр Лукашенко Казакстандын экс-президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалган. Бул Нурсултан Назарбаев тууралуу өлкөдө нааразылык акциялары жана башаламандыктар башталгандан берки биринчи маалымат болду. Казакстан эли башка нерселер менен катар Элбашынын кызматтан кетишин талап кылды. Митингдер башталган 2-январдан бери казак лидери бир дагы билдирүү жасаган жок. Анын жана анын үй-бүлөсүнүн кайда экени азырынча белгисиз.

Мурдагы мамлекет башчынын кичүү кызы Алия Назарбаева 13-январдагы республикадагы тополоңдон кийин биринчи жолу Instagram баракчасына пост жазды. Бирок кийинчерээк ал бардык социалдык тармактардагы аккаунттарын өчүрүп салган. Бул «Аккаунт боюнча маалымат» функциясына ылайык, Казакстандын биринчи президентинин кызынын жашаган жери Бириккен Араб Эмираттары экени белгилүү болгон.

Назарбаев өзү 2021-жылдан бери эл алдына чыга элек.

Яндекс.Метрика