Жаңылыктар

ЖК депутаттары толук 6 жыл иштешет. Парламенттик шайлоо күзүндө болот

Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашканынын бир себеби — адилетсиз шайлоо болгон. Ошондуктан быйыл таза, акыйкат шайлоо болот. «Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Референдум өткөрүү пландалууда, аны таза өткөрөбүз. Ушул процесстердин баарында мыйзам баарына бирдей болушу керек — президенттен тартып колуна кетман кармаган дыйканга чейин.

Азыр биз мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотуп жатабыз. Албетте, муну бир жылдын ичинде жасоого болбойт. Кырдаалды оңдоо үчүн 2-3 жыл талап кылынат», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Кыргыз саясий элитасынын рейтингин аныктоо үчүн добуш берүүгө катышыңыз.

Яндекс.Метрика