Видео Саясат

ЖКда кайрадан уруш. Мадумаровду кой терисин жамынган карышкыр деп…

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңиш Токторбаев («Ата Журт»), кесиптеши Адахан Мадумаровдун («Бүтүн Кыргызстан») парламенттин 24-февралдагы жыйынында айткан сөзүнө жооп берди.

«Өткөн аптада өткөн жыйында улуттук коопсуздук тармагындагы мыйзам долбоорлору каралып жатканда мага карата сындар айтылды. Мадумаров досуңардын мыйзамын алдыга жылдырып жатасыңар деди. Мен буга макул эмесмин. Мыйзам долбоору комитетте каралып, Жогорку Кеңештин жыйынына чыгарылды.

Бул мыйзам долбоорлорун кайра Комитетке жөнөтүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду экинчи окуу режиминде карасак болмок. Адахан мырза мугалим болуп, акыл-насаатын токтотпойт. Ал 88 депутаттын бири. Чындыкты кандай болсо ошондой айтыш керек. Сиздин образыңыз – кой терисин жамынган карышкыр», — деди Токторбаев Мадумаровго.

Регламентке ылайык, башка депутатты сындаганга болбойт, деп белгиледи Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кесиптештерин сабырдуулукка чакырып, процессуалдык суроолор үчүн Токторбаеванын микрофону өчүрүлдү. Ал залда нааразылыгын айтып кыйкыра берди. Бир катар депутаттар аны сабырдуулукка чакырышты. Бул учурда Токторбаев менен Тазабек Икрамовдун (Сузак району) ортосунда оозеки чыр-чатак орун алды. Токторбаев Икрамовдун «оозун жабууну» талап кылды. Икрамов аны залдан чыгып сүйлөшүүгө чакырды. Ошол эле партиянын мүчөлөрү Токторбаевди отургучуна чейин узатышты.

Видео:

Яндекс.Метрика