Жоголор алдында милицияга сурак берип чыккан. Мактым Кожонова дагы деле дайынсыз болууда
23-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен Мактым Кожонова дагы деле табыла элек. Аны милиция менен жакындары 9 күндөн бери издеп жатышат.


Ал 19-ноябрь күнү 17 жаштагы кызын турмушка узаткан. 20-ноябрь күнү жолдошу менен Баткен шаардык милициясына жашы жете элек кызын турмушка берген үчүн сурак берип чыгышканы белгилүү болду. Туугандарынын айтуусунда аларга милиция тарабынан басым болгон. Бирок шаардык милиция алар сурак бергенден кийин жакшы маанайда кетишкенин билдирди.
Учурда Москвадан бери туугандары келип баары чогулушту. Эч бир из калтырбай дайынсыз кеткен 45 жаштагы Мактым Кожонованын алты баласы бар, эң кичүүсү беш жашта.
Облустун губернатору бул ишти өз көзөмөлүнө алып, издөө иштери Өзбекстан менен Тажикистанда дагы жүрүп жатат.