Саясат

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Талант Мамытов шайланды. Мындай чечим 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Добуш берүү жашыруун түрдө өттү. Добуш берүүгө чейин жалпысынан 87 депутат катталган. Мамытовдун талапкерлигине 63 депутат, Мадумаровго 10, каршы 14 депутат добуш берди. Парламенттин спикерлигине эки депутат – Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан») жана Талант Мамытов («Ишеним») көрсөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Яндекс.Метрика