Жаңылыктар Саясат

Жогорку Кеңеште Мадумаров менен Жапаровдун ортосунда чыр чыкты

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ортосунда чыр чыкты. Мадумаров эмне үчүн министрлер кабинети Конституциялык сотко доо арыз менен кайрылганын сурады.

«Кечээ министрлер кабинети пенсия, жөлөкпулга тиешелүү 44-берене боюнча Конституциялык сотко кайрылганы тууралуу маалымат чыкты. Эмне үчүн кайрылдыңыз?» — деп сурады Мадумаров. Аклыбек Жапаров ар бир өлкө мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия төлөп жатканын, ошондуктан Конституциялык сотко кайрылганын айтты. «Биз түшүндүрмө сурадык», — деп түшүндүрдү министрлер кабинетинин башчысы.

Мадумаров суроого ишенимдүүрөөк жооп берүүнү суранды. «Мурда абдан ишенимдүү жооп берчү элеңиз. Эми жооп бергим келбей калды окшойт. Ишенип кете аласызбы? Жандуураак болуңуз», — деди депутат.

Мындай өтүнүч Акылбек Жапаровдун ачуусун келтирип, ага кандай жооп берерин айтпай коюуну өтүндү.

«Мен жашым, статусум боюнча сизден улуумун. Андыктан мага акыл үйрөтпөңүз. Биз министрлер кабинети катары укугубуздан пайдаланып, бул беренени тактап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылганбыз», — деди ал.

Яндекс.Метрика