Жаңылыктар

Жол кырсыгынан кайсы ырчы каза болгону белгилүү болду

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1981-жылы туулган Нурзат Ажыгожоева ошол Баткенге концертке бараткан учурда авто кырсыкка кабылып, ошол жерде каза болгон. Кесиптештери менен биргеликте ал Баткен облусуна барып, ал жерде концерт бериши керек болчу.

Ажыгожоева 4-5 жыл Сокулук районундагы маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. Айрым маалыматтарга караганда, ал 29-мартта өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ажыгожоева Нурзат Жакыповна 1981-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылында туулган.

1999-2001-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында элдик вокал бөлүмүндө окуган. 2002-жылы Кыргыз Улуттук Консерваториясына тапшырган. 2012-жылы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик вокал бөлүмүн аяктаган. 2012-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2013-жылы К. Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата сынак-кароонун уюштуруу тобу тарабынан диплом менен сыйланган. Артында 2 кыз 1 уулу калды.

Кырсыкка учураган КамАЗдын ичинде белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова, ырчы Нурчолпон, ырчы Бурулча Турарбек кызы, ошондой эле «Сармерден» берүүсүнүн алып баруучусу Талант Карагулов болгон.

Яндекс.Метрика