Жаңылыктар

Жол тыгын жаралбаш үчүн депутаттар инаугурацияга автобус менен барышат

Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына жеке автоунаа менен келүүгө тыюу салынды. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жыйынында кулактандыруу жасады. Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн бардыгын чогуу автобустар менен алып барып, алып келет.

«Эртең Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабына саат 8:30га чогуласыздар, автобустар саат 9:00дө жөнөйт. Чакыруубаракчасы жана кызматтык күбөлүгүңүздөр сөзсүз түрдө жаныңыздарда болушукерек. Жеке транспорт менен барууга тыюусалынат. Ин-чара бүткөн соң Жогорку Кеңештин имаратына кайра эле ошол автобустар ташып келет», — деди Касымалиева.

Ошондой эле ал инаугурацияга байланыштуу парламенттин бейшембидеги жалпы жыйыны болбой урганын эскертти. Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи эртең, 28-октябрда, Улуттук филармонияда өтөт.

Яндекс.Метрика