Жаңылыктар

Жолдошева: «Оор мезгилде электр тарифтерин көтөргөн туура эмес»

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берди. Жыйында министр тарифтердин баасын түшүндүрүп берди.

«Бул тарифтердин баасы август айына чейин коомдук талкууга коюлат. Ар бир жарандын сунушу, көз карашы эске алынат. 1 сом 48 тыйын кайдан келип чыкты?

Буга 2020-жылдын энергетикалык компаниялардын чыгашасы, импорттун чыгымдары, ЖЭБде жагылган отундун чыгымдары, карыздын негизги көлөмү кирген жок. Бул азыркы социалдык абалды эске алып эсептелинди. Эгерде кышта электр энергиясын колдонуу 1000 Кв сааттан ашса, анда экинчи тепкич менен төлөө башталат.

Бул убактылуу суунун тартыштыгына байланыштуу болмокчу. Бул тарифтин баасы 2 сом 29 тыйын болмокчу. Буга 2020-жылдын энергетикалык компаниялардын чыгашасы, импорттун чыгымдары, ЖЭБде жагылган отундун чыгымдары, карыздын негизги көлөмү кирди.

Тарифтердин бөлүнүшү: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, чыныгы муктаждарга 74 тыйын; Алыскы, тоолуу райондордо жашагандарга (климаттык шарты оор) 1 сом 40 тыйын болмокчу; Өндүрүш жана айыл чарба тармагындагыларга 2 сом 38 тыйын болот. Бул баалар гидроэлектростанциянын өздүк наркы менен эсептелди», — деди министр.

Бул боюнча Жылдыз Жолдошева төмөнкүдөй билдирүү калтырган:

Эгерде, азыркы бийлик электро энергиясы боюнча Ширшовтун схемасын, о.э. «ортомчу» энергияны алып сатаар фирмаларды жокко чыгарганда… Энергетика жаатындагы коррупцияга бөгөт койгондо, 700 квт чектөөнү алып салуу менен тарифтин баасына 10 тыйын кошуп, болгону 87 тыйынга электро энергияны элибизге сатканда бийлик өз жарандарына кам көрдү десек, акыйкат болмок. Экономикалык оор мезгилде, кымбатчылык «тумандай» каптап турганда өлкөбүздү, мындай кадам туурабы? Энергетиктер, дагы бир мониторинг, анализ жүргүзсөңөр туура болмок. Эл баарын көтөрө берет десеңер…жаңылышасыңар.

Яндекс.Метрика