Жаңылыктар

Жолдошева: «Текебаев конституцияны өзбек тилине которгон»

8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылы республиканын түштүгүндө болгон июнь окуясы боюнча соттук отурум уланды.

Жыйынга судья Чыңгыз Бердимуратов төрагалык кылууда.

Иш боюнча беш айыпталуучу бар. Алардын баары Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү – Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бактыбек Алымбеков, Бектур Асанов жана Кеңешбек Дүйшебаев.

Атамбаев, Асанов жана Дүйшөбаев камакта, экс-президент жыйынга келген жок.

Апрель революциясынан кийин алар Убактылуу өкмөттө төмөнкү кызматтарды аркалашкан:

  • Алмазбек Атамбаев — Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары;
  • Исмаил Исаков – коргоо министри;
  • Бактыбек Алымбеков — ички иштер министрлигинин жетекчиси;
  • Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун губернатору;
  • Кеңешбек Дүйшебаев –УКМКнын башчысы.

2010-жылы Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн төрайымы болгон.

Күбө катары мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева катышты. Анын пикиринде, Убактылуу өкмөттүн төрагасынын мурдагы орун басары Өмүрбек Текебаев тарабынан бир нече катачылыктар болуп, алар окуяга алып келиши мүмкүн.

Анын айтымында, 2010-жылы Өмүрбек Текебаев Конституциянын долбоорун өзбек тилине которгон. Иш ПРООН тарабынан каржыланган. «Кыргызстанда мамлекеттик тил – кыргыз тили, расмий тил – орус тили. Конституциянын долбоору ушул тилдерде гана жазылыш керек болчу”,- деди Жылдызкан Жолдошева. Өзбек тилине которулганын биринчи ката деп атады.

Экинчи ката, анын баамында, Кадыржан Батыров менен Текебаевдин тарапкерлери «Бакиевдердин үйүн өрттөп жатканда Кыргызстандын желегин жана боз үйдү өрттөшкөн».

«Мен өзүм Ош окуясынан кийин кыйналдым. Менин үй-бүлөм убактылуу өкмөт тарабынан кысымга алынган. Ошого карабастан мен өзүмдүн принциптеримден, позициямдан баш тарткан жокмун. Чыныгы күнөөлүүлөр бул жерде отурушу керек болчу. Тергөө Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө да тандалма айып таккан. Ошондуктан мен сиздерден суранам, ким президент болсо да, кандуу окуя үчүн жооп бериши керек. Тактап айтканда, бул жерде Роза Отунбаева менен Өмүрбек Текебаев отурушу керек», — деп баса белгиледи Жолдошева.

Ал Ош окуясынан кийин Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине ким атайын шарт түзүп бергенин билбейт. «Ал окуялардын башкы уюштуруучусу болгон. Анын колунда автономияны кимдер башкара тургандардын тизмеси бар болчу. Бул киши жөн эле качып кете албайт болчу, ал президент болгусу келген. Ким менен жакшы мамиледе болгонун билбейм. Ким менен жолугушту, эмне жөнүндө сүйлөштү, кандай болсо да, Текебаевдей эч ким шарт түзүп бере албайт болчу. Ал автономия болот деген үмүттү берген», — деди ал.

Анын айтымында, ал мүчө болгон комиссия Батыровдун өлкөдөн кандайча чыгып кеткенин аныктай алган эмес.

Жылдызкан Жолдошева 2010-жылдын 19-майында Роза Отунбаевага өлкөнүн түштүгүндөгү оор кырдаал тууралуу сүйлөшүү үчүн келгенин айтты. Ал жактан Алмазбек Атамбаев кетип бараткан. Жолдошева Атамбаев менен сүйлөшкүсү келген, бирок ал бош эмес экенин шылтоолоп, баш тарткан.

«Бирөө Дүйшөбаев менен сүйлөштү, мен ага түштүктөгү оор абалды айткым келди, бирок ал мени Марат Бекеновго (мамлекеттик аппараттын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы) жиберди. Мен аны менен сүйлөштүм», — деди ал.

Жолдошеванын айтымында, ал Роза Отунбаевага Улуттук гвардия менен Коргоо министрлигин түштүккө жөнөтүүнү сунуштаган, бирок Убактылуу өкмөттүн башчысы макул болбой койгон. Күбөнүн айтымында, Роза Отунбаева түштүктө абал туруктуу деген туура эмес маалыматка ээ болгон.

Жолдошева Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн түштүккө баруу зарылдыгына ынандырууга аракет кылганын, бирок жетише албаганын айтты.

«Андан кийин Элмира Султановна биринчи гуманитардык жардамды алып келди. 13-июнда гуманитардык жардам менен бардым. Жантөрө Сатыбалдиев, Болот Шер, Текебаевдер жүргөн.

Акыркысы күлүп баштады, мени кайсы бир дирекцияга жетекчи кылып коюшарын айтты. Памир Асановго кайрылдым, ал ГОВДнын начальниги экен. Ал бардыгына абал жакшы эмес экенин айтты. Барсам Исмаил Исаков бар экен, келгеним жакшы болду деди. Кырдаал оор болчу», — деп жыйынтыктады ал.

Яндекс.Метрика