Билип ал Кызыктуу

Жолдошуңуз миллионер болсун десеңиз бул 11 мыйзамды карманыңыз

Ар бир аял өзүнүн күйөөсүн миллионер кыла алат. Бирок качан гана өзүн бай мырзанын аялындай сезгенде. Ооба, таң калбай эле коюңуздар, күйөөсү кайсы багытта жылаарын, эмне менен алектенээрин жана эмнелерге жетишээрин дал аял киши аныктайт. Эгер аял өзүнүн бактысы эмнеде жана чынында эмнени каалаганын билсе, сүйүктүү жана сүйгөн жолдошу, анын тилектеринин орундалышына баардык күчүн жумшайт.

Ишенбейсизби? Бекер кыласыз! Миллионерлердин аялдары дагы бир убактарда анчалык бай эмес болушчу, бирок азыр сонун жашашат. Сиздер дагы шумдуктуудай жашоого аттаныңыздар. Бул 15 эрежени карманып, жыйынтыктарга таң кала бериңиз!

1. Өзүңүздүн ден соолугуңузга кам көрүңүз

Аял – үйдүн куту, анын жер менен болгон энергетикалык байланышы, жайлуу чөйрөнү жаратууга жардам берет. Ал эми жерден толугу менен энергияны алыш үчүн, өз ден соолугуңузга кам көрүп, экологиялык таза азыктарды колдонуп, таза суу ичип, таза абада көп болуп жана албетте жаман адаттардан арылуу керек.

2. Активдүү өмүр сүрүңүз

Эгерде аял киши көңүлдүү жүрүп, өзүн жеңил жана сергек сезип жүрсө, ал өзүнө билинбей эле ушул сезимдерди айланасындагыларга жугузат, өзүнүн жакындарын жана туугандарын жакшы энергия менен толтурат. Йога, сууга сүзүү жана бий менен алектенүү – булар аялдар үчүн түгөнгүс энергия булактары болуп саналат. Ал эми эс алуу – бул жакшы көңүлдүн жана өзүн жакшы сезүүнүн эң керектүүлөрү.

3. Ырахаттануу менен иштеңиз

Болгон күчүн жумшап акча табуу – аялдын жумушу эмес. Бирок бул өтө жетишкен эркектин аялы өзүн бүт бойдон үйдөгү тиричиликке арноосу керек дегендик эмес. Аялга кубаныч жана канааттануу тартуулаган жумуш, ал өзүн гана эмес, бүт анын үй-бүлөөсүн дагы шыктандырып дем берет. Ал эми аялдын тынымсыз чыгармачылык өнүгүүсү, балдарына жана анын жолдошуна дайыма пайдалуу кеңеш бергенге жардам берет.

4. Топтогон маалыматтарды көзөмөлдөңүз

Көргөзмө, театр, музейлерди көрүүдөн, китеп окуудан, саякаттоодон, жаратылышта сейилдөөдөн калган таасирлер – ушунун баары биздин жашообузду сулуулукка жана гармонияга толтурат. Ал эми ар кандай жаңылыктардан, телеберүүлөрдөн биз жаман нерселерди гана «жабыштырып» алабыз, ал бара-бара биздин жашообузга сиңип калат. Эмнени көрүп атканыңарды, эмне жөнүндө сүйлөшүп атканыңарды, жолдошуңуз жана балдарыңыз эмнени көрүп жатканын көзөмөлдөңүз. Үй-бүлөңүздүн көзөмөлдөөчүсү болуңуз.

5. Мамиле кура турган адамдарды тандаңыз

Үй-бүлөөсү, жолдошу, балдары ким менен катышат, дал аял кишиден көз каранды. Шыктанган, жарыкка жана жылуулукка толгон айым өзүнө ачык, чыгармачыл, жетишкен, позитивдүү адамдарды тартат.

6. Өзүңүздү караңыз

Баардык эле миллионерлердин аялдары «миллионго» көрүнбөйт. Бирок эгер Сиз ийгиликтүү адамдын жубайы болгуңуз келсе, азыртадан сизге комфортту жана ашкере байлыкты берээрин элестетүүңүз керек. Өзүңүзгө кам көрүүчү каражаттардан үнөмдөбөңүз, косметикалык жана спа-салондоруна барыңыз, өзүңүзгө сулуу көрүнгөнгө уруксаат бериңиз жана кооз нерселерге курчаныңыз.

7. Чыгымдарды эсепке алыңыз

Жогорудагы пунктту аткарууда ар дайым чыгымдарды эске алыңыз жана үй-бүлөөлүк бюджетти көзөмөлдөңүз. Сиздин жашоодогу чыгымдарыңыз эч качан кирешеден ашпашы керек – бул миллионер болгон баардык ийгиликтүү кишилердин эрежеси. Эч кандай кредит, карыз, «эмки айлыкка чейин карыз» дегендер болбошу керек. Акча эсепти жактырат.

8. Өзүңүзгө жана өз келечегиңизге салым кошуңуз

Эркек акчаны табат, ал эми айымдар аны коротот… Бул гана эмес. Акылдуу аял эркектин тапкан акчасынын бир бөлүгүн өзүнүн билимине жана келечегине жумшайт. Ал китептерди сатып алат, курстарга барат, өзүнүн тандап алган багытында өнүгүп, өсөт жана өз банктык эсебине да акчанын бир бөлүгүн салганды унутпайт.

9. Жолдошуңуз жана өзүңүз жөнүндө жакшы гана ойлорду ойлоңуз

Аялдын өз жубайына кандай мамиле кылгандыгы өтө маанилүү: аны акылдуу, ишкер, алдына койгон максатына жете билген адам катары эсептейби же өзүнүн ичинен иши жүрбөгөн эриктирме деп ойлойбу. Эгер аялы күйөөсүнүн ийгиликке жетээрине ишенбесе, анда ага чынында ийгиликке жетүү оор болот. Аял өзүн бактысыз жана эч кимге кереги жоктой сезсе дагы ошондой болот.

10. Башкалардын жанында жолдошуңузду мактаңыз

Айымдар ата-эненин, туугандардын, курбуларынын дана жөн эле тааныштардын таасирине көп кабылышат. Кээде биздин эң жакын адамдарыбыз дагы түгөйүбүздүн сапаттары жөнүндө жактырбаган пикирлерди айтышат. Аларга мындай нерселерге уруксаат бербегиле жана өзүңөр дагы эч качан жолдошуңардын жоруктарын башкалар менен талкуулабагыла. Ал — баардыгы үчүн эң жакшы, эң акылдуу жана эң ийгиликтүү адам болсун. Эсиңиздерде болсун: биздин сөзүбүз, оюбуздан дагы тез орундалат!

11. Жолдошуңузга ар дайым ырахат тартуулаңыз

Аял ар кандай жол менен эркекти энергияга толтура алат. Бул жайлуу үй, даамдуу тамак жана анын жаныңызда болгонуна чыныгы кубануу.Эң жөнөкөй жана эффективдүү жолу – бай ички дүйнө. Сиз жолдошуңуз үчүн дайыма кызыктуу жана табышмак болууңуз керек.

Яндекс.Метрика