Окуялар

Жолдошум балалуу боло албай жатат, кетип эле калсамбы..

Кенеш кутом — Салам баарына! Силерге айтып женилдейин деп ойлодум. Турмушка чыкканыма 10 жылдан ашты, бирок балалуу боло албай жүрөм. Ооба уккан жериме барып даарыландык бирок эч натыйжа жок. Айып кимибизде экенин билбейбиз. Куйоом экөөбүздүн мамилебиз жакшы, ал бала жөнүндө сөз ачпайт.

Мейли сабыр кылалы болуп калаар дейт. Бирок бул чечкиндүү эмес, бир ишти өз алдынча кыла албайт, ойлонуп жүрө берет, бир нерсе десең сүйлөбө, жүрөгүмдү сыкпа деп туруп кетет. Акча жок эмес бар шүгүр, ошого иштерди бүтүрсө болот го, бирок андай кылбайт. (акчаны жакшы көрөбү билбейм) Ошентип барган сайын бирибизге бирибиздин сөзүбүз жакпай турган болду, болоор болбоско уруша кетебиз.

Балалуу боло албасам кетип калсамбы деп да ойлоном,бирок кийин кандай жашоого туш болом аны ойлонуп корком. Уйго барсам келин бар, өзүм билбеген абалда алардын да турмушун бузуп аламбы деп чоочуйм. Аноним

Яндекс.Метрика