Окуялар

Жолдошум, эки уулум бар. Көлгө барып ажырашкан жигитти жактырып калдым

Саламатсыздарбы? Эки айдан бери бушайман болуп жүрөм. Себебин баштан-аяк түшүндүрүп берейин. Жашым 35де, жолдошум бар. Ал быйыл 38ге чыкты. Ортодо эки уулубуз бар.

Балдар чоңоюп, күйөөм экөөбүз тең иштеп буттан турдук. Батир, унаа алдык. Күйөөм инженер, мен болсо башында базарда кийим-кече сатчумун. Кийин иш жакшы жүрүп соода борборлордун бирине жайгаштым.

Азыр ошол жакта аялдардын кийимин сатам.
Жанымда соода кылган кыз-келиндердин баарынын үстүндө үйү, астында унаасы бар. Баары жакшы турушат.

Алар менен кээде эс алууга чыгып калчумун. Былтыр жайда чогуу иштеген 5-6 келин Ысык-Көлгө эс алып барып келдик. Колубузда акча, астыбызда унаа бар, болушунча жыргадык.

Ошол жактан жаныбыздагы кыздын сүйлөшкөн жигиттинин достору менен таанышканбыз. Арасынан салабаттуу, жакшынакай бир досу менен көзүбүз чагылыша түшкөн. Көлдөн келгенден кийин бир күнү ошол адам чалды.

Телефонумду чогуу иштеген кыздан алыптыр. Ал-ахвал сурашкандан кийин чайга чакырды, бирок күйөөм, балдарым бар экенин айтып барган жокмун. Көп күн өтпөй кайра чалып түшкү тамакка чакырды. «Жаш кыздай болбой барса барып көрөйүн» деп бардым.

35те экен. Үйлөнүп, ажырашып кеткенин айтып, кобурап отурду. Маңдайы жарык, жакшынакай кийинген, орду менен сүйлөгөн адам экен. Башкача сезимдер коштоп ошону менен тарап кеттик.

Ошол күндөн кийин жүрөгүм дүкүлдөп эле, жинди немедей баягы адамды ойлой баштадым. Үйгө барсам, күйөөмдүн жанында отурсам деле ошол адам ойго түшөт. Жолдошум иш десе ичкен ашын жерге койгон адам. Бир да жолу катуу сүйлөп, көңүлүмдү калтырган эмес. Болгону бизге, балдарга убактысы аз эле. Көп убактысы жумушта өтөт.

Ошол себептен да тиги адамдын жылуу сөздөрүнө эреркей түштүм окшойт. Аны менен смс жазышып жүрүп эле жакын болуп кеттик. Ошентип жүрүп бир күнү күйөөмдүн көзүнө чөп салдым. Ашык болдумбу түшүнбөй калдым.
Ошол күндөн баштап баягы адамга экинчи жазып, чалып, тынчымды албоону өтүндүм. Ичимен жактыруу сезими болсо да андан кол үзүүгө туура келди.

Үй-бүлөмөн биротоло ажырап, эл-журтка уят болбоюн деп кол үздүм. Бул ишти эми жолдошума айтсамбы же унчукпай жүрө берсемби? Тигил жигиттида сагынып жатам.. Кимисин тандасам үй-бүлөмдү да таштай албайм.. Же ал жигиттке жолугуп үй-бүлөм менен жашап жүрө берсемби. Кеңеш бериңиздерчи.

Яндекс.Метрика