Окуялар

Жолдошум ооруу жугузуп, жашоом тозокко айланды..Кайненем..

Болгон окуя. Мен күйөөгө чыкканыма быйыл 10 жылдан ашты. Бирок, күйөөгө чыккандан кийин эле көп өтпөй өкүнгөм. Ошондо бир чечимге келип, ажырашып кетсем болмок экен. Боюмда бар болчу. Күйөөм үйгө жолобой “Иштеп атам, акча табыш керек” деген шылтоо менен көчөлөп калган.

Бир күнү үйгө бир келин келди. “Сен кимсиң” деп сурады менден. Мен Канаттын келинчеги болом десем. “Канатка айтып кой, менден карыз алган акчасын берсин! Уяты жок үйүнө кошбойлуу аялын таштап коюп, мени сүйөм-күйөм деп үйүмөн чыкпай жүрүп, соодадан тапкан акчамды алып, азыр менин подружкам менен жүрүп кетти” деген. Ага ишенээр ишенбесимди билбей туруп калсам, кайненем ортого түшүп, тиги келинди урушуп, үйдөн кубалаган. Мага акыл айтып, “Айланайын келиним, мындай аялдар жаман болот. Силердин жашооңорду бузуп, өзү тийип алайын деген немеби, ким билет?” десе мен жаш экем, кайненеме ишенип, Канатты жамандыкка кыя албай кала бергем. Ошондо тиги келин менен кошо барып, ачыгына чыгып, биротоло ажырашып кетсем болмок экен.

Кийин күйөөмдүн жүрөнөөктүгү күчөдү. Мага, балдар-кыздарына карабай, сүзүлгөн бирөөнү көрсө эле сүйүп калат. Сүйүп-күйүп, тынч жүрсө да мейли дечи,  өткөн жылы мага жаман илдет жугузуп, доктурга текшерилдик. Доктурлар СПИДке анализ тапшыртканда жүрөгүм түшүп, кудайлап калдым. Гонорея деген оору экен,  6-7 ай дарыланып атып айыктым.  Жыйырма миңден ашык  акчам кетти.

 Ушундай катынпоз күйөө менен жашагым келбейт, арга жок балдар кыздарым тирүүлөй жетим калбасын деп чыдап келатам, жашы кырктан ашты, мунун катынпоздугу качан токтолот, билбейм…

Яндекс.Метрика