Окуялар

Жолдошумдун сүйгөн кызы сотко берем деп коркутуп жатат. Эмне кылабыз…

Саламатсыздарбы эжелер. Мен сиздердин кеңешке муктаж болуп турам. Жолдошум менен бирге түтүн булатканыма 10 жылдын жүзү болду. Эки уулубуз бар. Жолдошумду буга чейин шекшип текшерип көргөн эмесмин. Анткени биз тогуз жыл кыз жигит-болуп жүрүп баш кошконбуз.

Акыркы кездерде мага болгон мамилеси салкын болуп баратат. Экинчи балам бирге толо электигине байланыштуу үйдө отуруп калгам. Жалгыз иштеп жатса чарчап келди деп көп деле маани берген эмесмин. Акыркы кезде көрүнгөн жерде калган жолдошумдун телефону өзү менен кошо дааратканага чейин кирип калды. Түнү жаздыктын алдына коюп алат. Бир оокумда телефонго кат келет. Аны төшөккө чүмкөнө калып окуйт.

Бир күнү ал душка кирип кеткенде алып ачып ватцап аркылуу бир кыз менен жазышкан смстерин көрүп жаман болдум. Ал кыз сүрөттөрүнө караганда Ош шаарында жашайт экен. Биз болсо Жалал-Абадда турабыз. Командировка деп эмнеге эки жума сайын Ошко кетет десем ошол кызга жолугуп жүрүптүр. Ортобузда уруш чыкты. Көрсө ал кыз менин күйөөмдөн кош бойлуу болуп калыптыр. Эми аялың менен ажыраш болбосо сотко берем деп коркутуп жатыптыр. Эмне кылганда үй-бүлөмду сактап калам? Жардам бериңиздерчи…

Яндекс.Метрика