Видео Кызыктуу

Жолдун ортосунан кетпей туруп алган блогер унааларга тоскоол болду

Социалдык тармактарга коомдук тартипти бузган блогердин видеосу тарады. Анда жаш жигит жанындагы балага видеого тартып туруусун өтүнүп, өзү жолдун кесилишиндеги жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөккө барып туруп алган.

Светофор кызыл күйгөн учурда да кетпей тура берген. Жол кыймылына тоскоол болгон балага бир нече адам келип жолдон кетүүсүн суранышкан, бирок ал кетпей тура берди. Акырында бир адам келип көтөрүп кеткенин көрүүгө болот.

Яндекс.Метрика