Жаңылыктар

Жумгалда 3 жаштагы бала пневмониядан каза тапты

Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында 3 жашар бала пневмониядан улам каза болду.

Аймактык оорукананын башкы дарыгери Таалай Үркүнчиевдин айтымында бала ооруканага 19-январь күнү саат 12: 30да абалы оорлошуп кеткенден кийин жеткирилген. Ал ошол эле күнү болжол менен 23:00 чамасында көз жумган.

Райондук штаб калк арасында санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди. Эгерде алгачкы белгилер аныкталса, айыл тургундары ооруканага кайрылышы керек.

Бүгүнкү күндө райондук ооруканада 2 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Яндекс.Метрика