Дүйнөдө

Журналист кызын жылаңачтап кууп чыккан эне менен таанышып келди

Казакстандык журналист Динара Сатжан апасы суукта кызын жылаңачтап эшикке чыгарып койгон үй-бүлө менен таанышып келди.

«Эки үй-бүлө борбордун эски темир жол станциясынын жанындагы чакан жатаканада жашашат. Бул жерде болгону 2 бөлмө бар. Жалпы коридор жана даараткана. Суукта отурган кызды коңшусунун кийимдерин алгандыгы үчүн апасы жазалаган. Ошондой эле кыздын 6 жаштагы иниси жазаланган. Үй-бүлөдө 4 бала бар. Бул иш жашы жете электер иштери боюнча комиссияда каралат. Мен эч кимди соттогум келбейт. Мен балдардын энесин түшүнгүм келет. Балким ал өзү дагы ушундай тарбия менен чоңойуп башка ыкмаларды билбесе керек. Мен балдарды ата-энесинен тартып алышын каалабайм. Балдар камкордукка жана жылуулукка муктаж. Алар ата-энелерин жакшы көрүшөт.»-деп жазган.

Кичинекей кызын жазалоо үчүн жылаңачтап суукка чыгарып койгон

Яндекс.Метрика