Окуялар

Жыныстык катнашта ашыкпоо. Пайдалуу кеңеш

Имам Газали «Жыныстык катнаштын айрым адептери» багытында атайын тизмектеген адеп эрежелеринин бири «Жыныстык катнаш мезгилинде ашыкпоо» болгонун белгилейт жана мындай дейт:

‹Эркек өзүнүн жыныстык кумары кангандан кийин дароо туруп кетпөөсү керек. Ал аялынын ырахаттын туу чокусуна жетүүсүнө жардамчы болуп, ага убакыт берүүсү керек. Аялдын сезимин козгоп, дүүлүктүрүп андан соң аны канааттандырбай, өзүнүн ишин бүтүрүп туруп кеткен, ал аялды азапка салган менен барабар болот. Эгер эркек эрте бошонуп алса, аял канааттанбай калат. Бирок экөөсү бирдей дүүлүгүп, кумарга батышкан болсо, анда аял мындан көбүрөөк ырахат алат. Себеби эркек өз арзуусун канааттандыруу менен алек болуп жаткан кезде аял да эч тартынбастан өз кумарын кандыруу менен алектене алат.

✔ Эң жакшысы, төрт күндө бир кошулуп турганы. Себеби, төрт жубайы болгон күндө да адилеттүү болуу үчүн төрт күндө бир кезек берүүгө туура келет. Ошондой эле, эки тараптын каалоосуна жараша бул көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн.

Яндекс.Метрика