Жаңылыктар

Өгөй ата 10 жаштагы кызын чечиндирип видеого тартып, интернетке чыгарып турган

Чүй облусунда эркек киши 10 жаштагы өгөй кызын порно бизнеске аралаштырган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Оазис Кыргызстан» фондунун директору Мээрим Осмоналиева билдирди.

Белгиленгендей, үй-бүлө облустардын биринен Чүй облусуна көчүп келишкен. Жабырлануучунун апасы башкага турмушка чыккан. Анын эки кызы бар. Кыздардын өгөй атасы эки жыл мурун улуу кызын порно бизнеске аралаштырган. Азыр кыз 12 жашта.

«Факты 2022-жылдын башында катталган. Өгөй ата эки жыл бою порнографиялык фото жана видеоматериалдарды эл аралык порно сайттарга сатып келген. Ал кантип кийингенин, чечингенин видеого тартып, аны бардык жерде, уктоочу бөлмөдө, ваннада ээрчип жүргөн. Кызды коркутуп келген. Тартылган фото, видеолорду эл аралык порно сайттарга акчага таркаткан», — деди Мээрим Осмоналиева.

Иллюстрация

Бул факты америкалык атайын кызматтар тарабынан аныкталган. Иштин материалдары Кыргызстандын укук коргоо органдарына АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан өткөрүлүп берилди. Азыр иш Чүй облусунун райондук сотторунун биринде.

Өгөй атага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155 «Балага карата сексуалдык мүнөздөгү мажбурлоо аракеттери», 162 «Баланы порно бизнеске тартуу», 156 «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо», 161 «Порнографиялык объекттерди таратуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Социалдык кызматтар жана «Оазис Кыргызстан» фонду кызга социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт. Азыр өспүрүм апасы менен реабилитациялык борбордо.

«Үй-бүлө динчил. Өгөй ата беш убак намаз окуйт, апасы оронгон. Ал эми кыз жоолук салынчу, бирок жакында эле чечип салган. Ал мектепке барбайт. Эненин ата-энелик укугунан ажыратуу коркунучу бар”, — дейт Мээрим Осмоналиева.

Ал киберкуугунтук жана киберкылмыштуулук акыркы мезгилде өнүгүп жатканын, бирок укук коргоо органдарында аларды аныктоо жана бөгөт коюу механизмдери жок экенин баса белгиледи.

«Кыргызстанда дагы канча жабырлануучу бар экенин билбейбиз, анткени биздин укук коргоо органдары порнографияга байланышкан киберкылмыштарды кантип аныктоону билишпейт. Биздин бийлик дагы бул жаатта кадамдарды жасап, кызматкерлерди окутушун каалайбыз”, — деп жыйынтыктады Мээрим Осмоналиева.

Яндекс.Метрика