Жаңылыктар

Өзбекстан Баткенге 200 орундуу оорукана салып баштады

Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстан мамлекетинин колдоосу менен жугуштуу ооруларды дарылоочу 200 орундуу оорукананын курулушу башталды.

“Өзбекстан темир жолдору” ачык акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасилов баштаган делегация 40 контейнер алып келди. Облус башчысы Жаныбек Жалалов делегацияны тосуп алып, жолугушууда Өзбекстан мамлекетине ыраазычылыгын билдирди. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосундагы бир гектарга жакын аянтка курулат.

Оорукана 10 күндүн ичинде курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдыктар менен камсыздалат. Бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, жергиликтүү медицина кызматкерлери менен тажрыйба алмашат. 

Яндекс.Метрика