Саясат

15 партия биригип Садыр Жапаровго талап коюшту

Башында турган «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», «Реформа», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар» жана башка партиялар биригишип Садыр Жапаровго талаптарын коюшту.

Алардын негизги талабы парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү болду. Мындан тышкары алардын талабы төмөндөгүдөй:

Шайлоо күрөөсүн азайтууну, шайлоо босогосун жана №2 формасын алып салууну караган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана КРнын депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү;

Шайлоо алдындагы мезгилде жана шайлоо күнү иш алып барган Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын жетекчилерин добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстарды пайдалануу менен байланышкан мыйзам бузууларды басуудагы аракетсиздиги үчүн жоопко тартуу;


БШК мүчөлөрүнө карата ашыкча кысымдарды жана коркутууларды токтотуу;

Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алтынчы чакырылыштагы парламентти таратуу.

Яндекс.Метрика