Жаңылыктар

Абактагы Атамбаевди сүрөткө тартып алгандар жаза алышты

6-ноябрь күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «№47-колонияда» деген сүрөтү интернетке тарап, кызуу талкууга алынган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын териштирүү иштери жүрүп анда сүрөт 5-ноябрь күнү №47-колонияда кечки текшерүүдөн кийин камалгандар сейилдөөдө жүрүшкөндө тартылганы анык болду.

Текшерүүдө 1994-жылы туулган К. Б. аттуу КР жазык кодексинин 97-берененин 2-бөлүгү менен 30 жылга соттолгон (2 же андан көп адам өлтүрүү) жарандан уюлдук телефон табылган. Буга тиешеси бар 17 жылга соттолгон дагы бир 1996-жылы туулган А. уулу Д. болгон.

Алар мекеменин эрежесине ылайык 15 суткага айып изоляторуна киргизилишти.

Яндекс.Метрика