Жаңылыктар

Ал мас болгон. Хосени сабагандар кармалды

13-октябрда Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Улуттук госпиталга денесинен ар кандай жаракат алган жаран келип түшкөнү маалымдалган.

Ыкчам тергөө тобу барганда Кубалык Хосе мас абалында болгондуктан дароо арыз жазган эмес. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү делинип 1988-жылы туулган Т.Р., 1989-жылы туулган К.И. жана 1993-жылы туулган Ж.Ч. кармалды.

Яндекс.Метрика