Окуялар

Аны чындап сүйөөрүмдү кеч түшүндүм…

Жеке менчик фирма ачып, ишкерлик менен алектенем. Бутума турушума тууган туушкан ата-энем деле жардам беришкен жок. Күнү-түнү товар ташып, базарда иштеп жүрүп акыры фирма ачканга жетиштим. Мына-ана да жүрүп  үйлөнө элекмин, жашым 27де. Мындан эки жыл мурун  Анара менен таанышкам. Алгач иш боюнча жолугушуп жүрүп, кийин жакын мамиледе болуп кеттик. Мүнөзү жакшы, түшүнүктүү, ачык-айрым, адамгерчиликтүү келин экен. Бир кызы менен Таласта турат, күйөөсү менен ажырашып кетиптир. Ал экөөбүз  жолугушуп жүрчүбүз. Мен аны ресторан, кафеге чакырып, ал дагы мени туулган күнүндө үйүнө дасторкон жасап чакырып,  ысык  мамиледе болуп жүрдүк.

 Бир күнү дос балдарым мага  Нуриса деген  кызды тааныштырышты. Тымпыйып көп унчукпаган, бир сырдуу кыз экен. Жакшы кыз окшойт деп ойлоп  калдым. Аны менен жолугуша баштадым. Анарага барбай калдым, бармак тургай телефон чалбайм. Бир күнү телефон чалды эле  колум бош эмес экендигин билдирип, коюп койдум. Бир жолу Нуриса менен кафеде олтурсам, Анара  курбулары менен кирип калды.

Эртеси Анрага жолугуп,  “Мени күтпө, экинчи телефон чалба. Мен кечээги сен көргөн кызды сүйүп калдым, үйлөнгөн жатам” деп так кесе айтып салдым. Анара унчукпай эле жер тиктеп кала берди. Анын жаман болуп жатканын сезип турдум, бирок, кетип калдым. Көп өтпөй Нурисанын кылыктары билине баштады. Ал мен менен жолугуп жүрүп, менин досторум менен да көңүл ачканын өз көзүм менен көрүп оозум ачылды.

Оор басырыктуу, бир мүнөз кыз деген  Нурисадан түңүлдүм.  Анараны эстеп, анын көңүлүн оорутканыма өкүнөм. Андан кантип кечирим сураарымды билбей ортодо эки ай өттү.  Бир күнү  эмне болсо да чалып көрөйүн деп телефон чалсам, телефону алмашып кеткен экен. Үйүнө барсам, иш боюнча Ысык-Көлгө которулуп кетиптир. Ошол бойдон Анаранын дайынын таппай өкүнүп калдым. Аны чындап сүйөөрүмдү кеч түшүндүм.

Адилет, Талас шаары

Яндекс.Метрика