Саясат

«Анын кетирген каталарын биз оңдоп жатабыз». Садыр Жапаровдун Мадумаров тууралуу билдирүүсү

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулуктун курч суроолоруна жооп берди. Анда ал депутат Адахан Мадумаров тууралуу буларды айтты:

«Биздин ар бир аракетибиз – эл турмушун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү. Мыйзамды колдоп берген, мамлекеттин кызыкчылыгын саясий популизмден жогору койгон эл өкүлдөрүнө дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Мен «суф» деп эле экономиканы көтөрүп койчу сыйкырчы эмесмин. Экономиканы көтөрүүгө тиешелүү ар кандай мыйзамдарды колдоп берип тургула.

Элдин жашоосун тездик менен оңдоп алалы. Анча-мынча популисттерди ээрчип кетпегиле.Кедей жашаган элдерибизди кедейликтен чыгарып алалы. Чет өлкөгө тентип кеткен кыздар-балдарыбызды бир аз да болсо кайтарып алалы. Жогорку эмгек акы менен 15 миңден ашык жумушчу орундары пайда болот.

Эми Мадумаров жөнүндө жооп берсем. Анын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койсоңуздар болот. Ал жарыктык киши 30 жылдан бери саясатта жүрөт. Эл үчүн көзгө көрүнөрлүк бир дагы алгылыктуу иши жок. Кудай тилди бериптир, көрөгөчтүктү, даанышмандыкты, уюштуруучулук касиетти бербей коюптур.

Чындыгын айтсам, өзү 2005-жылдан кийин биринчи вице-премьер болду, спикер болду, андан кийин өлкөнүн эң негизги идеологу болгон мамлекеттик катчы болду. Дал ошол мезгилде казинолор жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып берип, казинолор иштей баштаган. Дал ошол мезгилде ажырашуулар, банкрот болгон жарандарыбыз көп болгон.

Биз азыр андайга жол бербейбиз. Баарын ойлонуштуруп койдук. Ошон үчүн биздин жарандарга мыйзам чегинде кирүүгө тыюу салдык. Күчүбүз жетет. Анан эле ошол мезгилде өзү өткөрүп берген казиного ошол кезде каршы болбостон, бүгүн эле ыймандуу, өтө ынсаптуу «таза» адам болуп, акыл үйрөтүп чыга келгени таң калтырат. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албагандар мага акыл үйрөтпөй эле койсун.

Мадумаровго мамлекеттин экономикасы кыйрап калса дагы баары бир. Ал киши бүгүнкү каршы чыгып жаткан электоратты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыктарына тартуу максатында иштеп жатат. Мен анын мындай кылыктарына көңүл бурбай калгам. Сөзүм куру болбос үчүн бир-эки мисал келтире кетейин. Адахан Кимсанбаевич мындан бир нече жылдар мурда “Өлкөгө президенттик башкаруу керек.

Какканда кийиз казык жерге кириш керек” деп келген. Кайсы бир журналисттин «Садыр Жапаров бийлик башына татыктуубу?» деген суроосуна «азыркы белгилүү саясатчылардын бешөөнү бириктирсең, Садыр Жапаровго тең келе алышпайт. «Татыктуу» деп жооп берген учурлары болгон. Ал учурда мен камакта жаткам.

Бул баары бир чыкпайт, электоратын өзүмө бура берейин деп ойлосо керек? Кудайдын буйругу менен чыгып келип, кийин президенттик башкаруу орнотсок, «президенттик башкаруу мамлекетти талкалайт, болбойт» деп кокуйлап чыкты. Мен бийлик башына келсем, “сабатсыз, жарабайт” деп чыкты.

Кыскасы, өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт. Сакайып кетсе жакшы болмок. Өзүнө да, элге да пайдасы тиймек. Ал мурда бийлик бутактарында турганда кетирген каталарын азыр биз оңдоп келе жатабыз. Бул жөнүндө кийинчерээк айтам.

Яндекс.Метрика