Жаңылыктар

Анжеликага көз тийип кетти

Бишкек Эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров ырчы Анжеликага көз тйигенин жазып чыкты.

“Албетте, кырсыктын официально себеби, унааны башкара албай калгандык болушу мүмкүн. Чолпон-Ата жактан кургак жол менен зымырап барып анан Түпкө жеткенде тайгак жол башталганда жолтандабас эчтеке болбойт деген ой менен катуу кете берген. Анжелика көптөн бери машина айдаса да, алыскы жолдо тайгакта кандай айдаш керек экенин билбегендик болушу мүмкүн (а балким рулда башка бирөө болгон. Ошентсе да, бул вариантта тажрыйбасыздык билинип турат). Бул вариант Европаны, батышты бүтүп келген, көз тийүү, динге ишенбеген типа продвинутыйлар үчүн негизги вариант.

А менин вариантым: Чубак Ажы айткан вариант.

Мен да убагында жол кырсыгына кабылганымды билесиздер да. Ошондо Чубак Ажы инстаграмымды удалитетип салышымды талап кылган. Инстаграмда силер каякта жүргөнүңөрдү, эмне жегениңерди, эмне айдаганыңарды, түз эфирге кирип үйүңөрдү, балдарыңарды көрсөтө берет экенсиңер, ал жакта бирөөнүн ийгилигин туура кабыл алууну аңдай албаган жаштар, өтө карапайым адамдар отурушат, ошолордун киренеси кирет, көзү тиет, назары түшөт, фейсбукта адам акылы менен, аракети менен мактоого алынышы мүмкүн, фейсбуктагыларды тамак-аш, кийим кече, байлык менен таң калтыра албайсың, ошол себептен инстаграмыңды токтот деп 100 миңге жетчү баракча жалко кеткен.

Ошол окуяны эстесем, кыргыз инстаграмында эң көп подписчиги бар Асель Кадырбекова менен Анжелика окшош жол кырсыгына кабылып отурат. Экөө тең барган жерин, кийген кийимин, жеген тамагын, айдаган машинасын, балдарынын сүрөт/видеолорун жана башка карапайым адам суктана турган нерселерди жүктөп койгондон сырткары, коомчулуктун тепкисинде калган жаңылыктарын айта калышып эле хайп болуп калышчу эле. Ошондо Кудай сактаса экен деп койчумун.

Яндекс.Метрика