Жаңылыктар

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан чыгат

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы камактагы эл депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду тез арада бошотууну тапшырды. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Канатбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, комиссия депутаттар процедураны бузуу менен кармалган деген бүтүм чыгарган.

«Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Конституциянын талабына ылайык, көпчүлүк депутаттардын макулдугусуз камакка алынган. Ошондуктан алар бошотулушу керек. Комиссия депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушун негизсиз деп тапты. Анткени депутаттык комиссиянын отчетун карап, токтомду кабыл алууда парламент Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жана мыйзамдарын карманган”,-деди Канатбек Исаев.

Комиссиянын мүчөсү Евгения Строкова комиссиянын чечими бардык депутаттарга тиешелүү экенин кошумчалады. «Айрыкча, азыр кийинки чакырылышка өткөн депутаттар ойлонуп көргүлөчү, силерди кандай кесепеттер күтүп турат. Мөөнөтү бүткөндөн кийин деле парламентарий кызмат учурундагы чечимдери үчүн жоопко тартылышы мүмкүн эмес», — деди ал.

Буга чейин Башкы прокуратура өз түшүндүрмөлөрүн берген. Эми эл депутатына козголгон кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде кабыл алынат.

Тактап айтканда, парламент макул болсо, Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров жоопко тартылат. Эгерде Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын чечимин колдосо, анда алар камактан бошотулуп, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш иши убактылуу токтотулат.

Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров айыпталууда. Алар 2021-жылдын июнь айында кармалган.

Яндекс.Метрика