Жаңылыктар Кызыктуу Саясат

Асылбек Жээнбеков Садыр Жапаровду ресторанга чакырып сыйлады

Жогорку Кеештин депутаты Асылбек Жээнбеков Садыр Жапаровду ресторанга чакырып коноктогонун фейсбук колдонуучусу Жаркынай Айтбаева жазып чыкты.

Текст өзгөртүлбөй берилди:

Агасынын артында 3 жыл бийлик жургузуп, мамлекетти олчойгон сазга батырган Асылбек Жээнбеков Сары-Челек ресторанында Садырга кошомат дасторконун жайыптыр. Жылкы этин тартып, суусар тебетей, чепкен менен желкесин сылап, Садырга кулдук урганына каракулжалыктар чырт тукуруп атышат дейт. Намыстандыбы же азыркы абалына шугур дегениби, Соке озу келбептир.

Тизгинди Асылбек колго алып, каракулжанын 150дой аксакал, кок сакалдарын чогултуп, Садырды космоско учура мактап, Ханды Алла Таала качан алып коерун озу билет тура деп хадистен мисал келтирип, дале ээрден тушпой атканына жердештери кыжырданып отурушту дейт. Чакыргандар арасында эмнеге чогулганын деле билбей баргандар, Садырга кошомат чай экенин билгенде ооздору Ошту карап ачылды дейт.

Жалпы каракулжалыктардын атынан «Биз Сиздин саясатты колдойбуз» деп Асылбек Садырга булбулдай сайрап киргенде, олбогон торт шыйрагыбыз калды дешип, залда отургандардын кекиртегине соок тыгылды дейт. Каракулжанын атынан суйлогонго Асылбек Жээнбековго ким уруксат берди же бизди менчиктеп алды беле дегендер да чыгыптыр ал ортодо.

Бирок артынан кунк-мынк суйлоп, бетине даап айта албай кала беришиптир. Айтор Асылбектин Садырдын алдында бетин агартып алып, анан ЖК нын отурумуна келип каамырабай отурганы ошондон экен. Эл тонкорушту Асылбектин жеп-жутар кландары учун жасады беле? Же Садыр каракулжанын кара жилигине алданып кала береби?

4 thoughts on “Асылбек Жээнбеков Садыр Жапаровду ресторанга чакырып сыйлады
  1. Ой тобоо! Эмне Садыр Жапаров эт жебей, сый корбой журуптурбу?! Компрамат табалбай ойду-келди созду жазбагыла!

  2. Садыр президент болууга укугу жок

  3. Сажыр Жапаров даже президент болууга мыйзамдык укугу жок болуп турча да мынчале ага жасакерленишти тооба.
    Мыйзамды тебелеген Сыдыр президенттик шайлоого катышууга укугу жок !

  4. Президент болгуча чайын иче берсин президент болгондон кийин кустурат Асылбеке окшогондорду

Comments are closed.

Яндекс.Метрика