Окуялар

Аялымдын ойношу бар экен, бирок мен аны жакшы көрөм

Саламатсыңар! Мен да ичимде болгон нерсени силер менен бөлүшкүм келди. Бирөөгө айтып жеңилдей албайсың, ал эмне дейт деп. Админ аноним болсун.

Рахмат ар бир адамдын айта албаган жүрөгүндөгү сезимдерин чыгарып жатасыз. Окуя башынан болсун. Келинчегим экөөбүз 3 жыл мурда баш кошконбуз. Азырынча балалуу боло элекпиз.

Сүйүшүп үйлөнгөнбүз. Келинчегим жакшы мамлекеттик жумуштардын биринде иштейт. Кыргыз элиме таанылып калган эле инсан десем болот. Кийинки күндөрү үйгө кеч келчү болду.

Сурасам жумушта иштешкендер менен чай ичип олтурдум деп коет. Телефон аркылуу да эркек адамдар менен сүйлөшүп калат. Бирок туура түшүнөм кесиптештер арасында эркек адамдар көп. Кээде кызгануу болот экен.

Алар менен сүйлөшүп калса жаман ойлор келе берет. Бирок башында ишиңе жолтоо болбойм деп сөз бергендиктен унчуга албайм. Бир күнү телефонун кокусунан карап калдым, бир эркек адам менен жазышканын окудум.

Экөө жолугуп түштөнүү үчүн кафеге барышмак экен. «Өзүм алып кетем даяр бол» деген жери бар экен. Аялыма унчуккан жокмун. Кээ бир күндөрү кечинде дагы кеч келе баштады.

Өзүм жумуштан келип, кечки тамакты даярдап койом. Ал болсо жумуштан кийин 2-3 саат күндөгүдөн кеч келет. Кээ бир күндөрү жатаарга жакын келет. Сурасам иш көп болуп жатат деп, баарын ишке шылтап кутулуп кетет.

Акыркы күндөрү мурдагыдай эмес, ойчул болуп кетти. Бир нерсени ойлонуп башкача болуп жүргөнүн байкадым. Бир күнү артынан аңдып чыгууну чечтим. Кечинде иши бүтөрүнө аз калганда жумуш жагына барып күтүп турдум.

Бир маалда бир эркек менен чогуу чыкты. Бир нерсени сүйлөшүп келатышат. Алыстан мага угулган жок. Бир аз басып барып, кара жол тандабаска отурушту. Рулга тиги эркек отуруп айдап кетти. Жубайым болсо алдыңкы орундукка отуруп алган.

Жакын турган таксиге дароо отура калып, «тиги машинанын артынан айдай бер» дедим. Шаарды аралап отуруп чет жактагы бир кафеден токтошту. Экөө катырып чыгып, кыналып басышып кафенин ичине кирип кетишти. Кафенин эшигинен менин аялымды алдыга өткөрүп, оң колу менен анын белинен кармап түртүп койду. Абдан ачуум келип, каным кайнап чыкты. Таксини кетирип жиберип, өзүм сыртта ойлонуп турдум.

Эмне кылсам деп, миң түркүн ойлор келип жатты. Башкалар менен болсо дагы мейли эле, болгону экөө гана. Үйдөн суз болуп калган жубайым, тим эле жыргап, катырып баратканын көрүп, булар соо эмес деген жыйынтыкка келдим. Бирок ишенгим келген жок. Мүмкүн кафенин ичинде башка кесиптештери күтүп турушкандыр, дем өзүмдү сооротуп жаттым. Эмнеси болсо дагы ичине кирип көрөйүн дедим. Акырын кирип бардым, официант кыз жылмайып тосуп алып бир нерсе деп сүйлөп жатты, аны уккан да жокмун. Оюмдун баары тигилдерде эле.

Коноктор отурчу залга баш баксам, эң акыркы столдо тиги экөө маңдай-тескей эмес, кыналышып, бири-бирине жакын отуруп алып, сүйлөшүп жатышыптыр. Экөө гана! Мени көрүшкөн жок. Дароо чыгып, кетип калдым. Сыртка чыгып телефонуна чалдым. «Чогулушта отурам, шеф өзү келди» деп жайдан сүйлөп өчүрүп койду. Ойнош таап алганына жүз пайыз ишендим.

Бирок мен жубайымды абдан жакшы көрөм. Жоготуп алуудан абдан корком. Кандай кылсам болот. Кенешиңерди бергилечи???

Яндекс.Метрика