Жаңылыктар

Бакиевдин аялы Кыргызстанга келди

Качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ырчы Айчүрөк Султанова Facebook баракчасына жазды. Ал Токторбаева менен биргелешкен сүрөтүн бөлүштү.

«Биздин Достор тобунун жакын досу Орозгүл Токторбаева өлкөгө кайтып келгенине биз чексиз кубанычтабыз. Ал жаңы долбоору менен келди. Ага ийгилик каалайбыз», — деп жазган ырчы. Кийинчерээк ал билдирүүнү өчүрүп салган.

Эске салсак, Орозгүл Токторбаева дагы ырчы. Акыркы жылдары ал Жаныш Бакиев менен Минск шаарында жашаган. Алар бир кыз менен бир уулду чогуу тарбиялашат.

Кыргызстанда Жаныш Бакиев Кылмыш кодексинин бир катар оор жана өзгөчө оор беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардан кийин Бакиевдер өлкөдөн чыгып кетишкен. Курманбек Бакиев Минск шаарында саясий башпаанек алган.

Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко менен дос, ошондой эле Беларуссиянын Улуттук Биотехнологиялык Корпорациясында үлүшү бар.

Яндекс.Метрика