Жаңылыктар

Бишкекте унаада адам өлүгү 3 айдан ашык убакыт жатып калган

Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндө «Honda Odissey» үлгүсүндөгү унаанын ичинде адам каза болуп калып, 3 айдан ашык убакыт ошол жерде жатып калган.

Качан гана айланада жаман жыт орноп калганда жергиликтүү жашоочулар билишкен. Милиция келип каза болгон адамдын сөөгүн алып кетишкен, бирок унааны эч ким алып кеткен эмес. Бул тууралуу шаар тургуну социалдык тармактарга жазып чыкты.

«Саламатсыздарбы, бир нече жумадан бери адам каза болгон унаа биздин көчөдө турат. Бардык жакка кайрылдык эч ким кыймылдабай жатат. Бул унаада адам каза болуп калып, анын өлүгү 3 айдан бери ичинде жаткан.

Унаа турак үйдүн астында жана биз иштеген студиянын жанында турат. Дем алууга мүмкүн болбой калды. Милиция чирип кеткен сөөктү алып чыкканда гана билдик. Көрсө, ушул жытты 3 айдан бери дем алып келиптирбиз.

Биз жамааттык арыз жаздык, бирок азырынча жыйынтык жок. Балким, сиздер аркылуу биз жок дегенде ушул машинени алып салабыз. Баарынын башы ооруп, кээ бири кусуп жатышат. Балдар дагы ушул унааны айланып өтүшөт. Сураныч, бул билдирүүнү таратып койуңуздар» — деп жазган шаар тургуну.

Яндекс.Метрика