Жаңылыктар

Чек арада акыркы убактага эң чоң кагылышуу болду

Бүгүн Кыргыз Өзбек чек арасында жайгашкан Чечме айылында кыргыз менен өзбектердин кагылышуусу болуп жаткан учуру. Эки элдин ортосунда таш ыргытышуу болуп, жаш балдар дагы бар. Уруш суу талашуудан келип чыкканын жергиликтүү эл айтып жатат.

Демейде уруштарда 30-40 адам чогула турган болсо бул жолу 100дөн ашып кетти, так саны белгисиз. Бирок курал колдонуу болбогонун айтышууда. Милиция, тез жардам кызматтары мушташ болгон жерге барышты. Жаракат алган 10 дон ашуун адамды ооруканага алып кетишти.

Жергиликтүү элдин айтымында бир канча үйгө өрт коюлду. Өзбек чек ара кызматы болсо абал тынч деп жалпы маалымат каражаттарына билдирүүдө.

Болжол менен уруш булактан суу алууга кезек күтүп турган учурда чыккан. Так себебин азыр күч түзүмдөрү тактап жатышат.

Яндекс.Метрика