Жаңылыктар Кызыктуу

Дүйнөлүк тренд жараткан кыргыз жигити менен маек

Май айында RaiM аттуу казак ырчысынын “Двигаться” ырына бийлеп тренд жараткан кыргыз жигити Төрөбек Мусаев тууралуу эмнелерди билесиз?

Тик-ток музыкалык тиркемесинде популярдуу болуп анын видеосун 4 миллионго жакын көрүүчү көргөн. Төрөбектин өзгөчө кыймылы дүйнөгө тарап, колдонуучулар аны туурап ар кандай видеолорду тартышып 100 миңден ашуун видеолор тик-ток жана инстаграмды каптаган.

Аны менен кошо Раимдын 2018-жылы чыккан “двигаться” ыры популярдуулукка жетип 6 миллион жолу каралып, музыка издөөчү “Шазам” тиркемесинин топ-20сына кирген.

  • Төрөбек өзүң жөнүндө айтып берсең
  • Мен 19 жаштамын, Кыргызстанда төрөлгөм, бала кезимен бери Россияда жашайм, спорт менен машыгам.
  • Трендке айланган видеону атайлап жасагансызбы?
  • Жок, бул кокусунан келип чыкты, биз балдар менен машыгуу учурунда ошол ырды угуп жатканбыз. Мен ал ырды сүйүп укчу деле эмесмин, бардыгы күтүүсүздөн болду. Анан ал кыска видеону тик-токтогу баракчама жүктөп койгом, көп өтпөй көрүүчүлөр көбөйүп башка адамдар дагы мени туурап бийлеген видеолорду жүктөй башташты.
  • Популярдуу болгондон кийин жашооңузда өзгөрүүлөр болдубу?
  • Эми, андай деле өзгөрүү болгон жок, болгону мага катталган адамдардын саны көбөйүп, көп адамдар ар кандай каттарды жаза башташты.
  • Казактар бул биздин тренд деп талашып жатканына оюңузду айтсаңыз
  • Башында мага баары бир болгон. Комментарийлерде казактыкы, кыргыздыкы деп талашуулар болуп алып жатты. Арасынан бирөөнү айткым келет, атын унутуп калдым, ал жазды “бул казактыкы дагы эмес кыргыздыкы дагы эмес бул тренд ошол баланыкы” деп. Мен ага рахмат айтам. Албетте эң биринчи кыргыздарга ыраазычылык.
  • Маегиңизге рахмат!

Төрөбектин тик-токтогу жана инстаграмдагы баракчасы @mutorobek

One thought on “Дүйнөлүк тренд жараткан кыргыз жигити менен маек
  1. Like.kg сайты мага абдан жакты, анткени ар тараптуу кызыктуу жанылыктарды окусам болот

Comments are closed.

Яндекс.Метрика