Жаңылыктар

Эркин Нурбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Реформа» партиясы менен катышкан Эркин Нурбаев өзүнүн социалдык тармактагы барагына төмөнкүчө билдирүү калтырды:

«Садыр Жапаровдун 7-каналга берген интервьюсун көрүп чыктым. «Түшүнүгү жок жаш балдар гана каршы чыгып жатат» деген сөздү аябай көп колдонуптур. Садыр мырза, ошол түшүнүгү жок жаш балдар чет өлкөдө билим алган жана өзүнүн тармагында мол тажрыйбага ээ болгон Кыргызстан жарандары.

Сизге караганда ошол мырзалар, айымдар Конституциялык укук жана саясий илимдер боюнча өздөрүнүн илимий иштерин чет өлкөлүк беделдүү окуу жайларда жактаган. Сизге окшоп күмөндүү жерден, күмөндүү дипломго ээ болгон эмес! Сизге окшоп Бакиевдин жанында жүргөн эмес! Сизге окшоп күмөндүү иштерди жасаган эмес! Сизге окшоп бийликке жулунган эмес! Сизге окшоп пикирин күн сайын алмаштырган эмес!

Алар системдүү түрдө, илимге таянган аргументтер жана маданияттуу сөздөр менен сүйлөп жатышат. Садыр мырза, андай риториканы коюуңуз. Эгерде эр болсонуз ошол жаш балдар менен, жок дегенде мен менен баш мыйзамда сунушталып жаткан пунктар боюнча дебатка чыгыңыз. Ошол жерден талкуулайлы. Ошол жерден кимдин түшүнүгү жок экендигин жалпы кыргыз эли көрсүн, салыштырсын! Текебаев айткандай дос-секретарыңыздын каналына чыгып алып сүйлөй берүү сизге кадыр барк тартуулабайт! Башынан туура жана мыйзамдуу жолго түшүңүз! Кийин эл жана тарых алдында кеч болуп калат!»

Яндекс.Метрика