Жаңылыктар

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 3-августта UFC уюмунун жылдызы, атактуу жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө келди.

Аны «Манас» аэропортунан «EFC 38» турниринин уюштуруучулары тосуп алды. Нурмагомедов өлкөгө өзүнүн командасы, анын ичинде дагы бир белгилүү мушкер Зубайра Тухугов менен келди.

Хабиб Нурмагомедов аэропорттон түз эле Чолпон-Ата шаарына сапар алат. Ал жакта бүгүн, 3-август күнү кечинде «EFC 38» турнири орун алат жана турниге Хабиб Нурмагомедов конок катары катышат.

Яндекс.Метрика