Жаңылыктар

Кашардын ээси малчысын өлтүрүп, аны бөөдө кырсыктан каза болгонун көрсөтүүгө аракет кылган

6-июль күнү саат 02.00дөр чамасында Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда Лесное айылынын 51 жаштагы тургуну М.М. өзүнүн 46 жаштагы айылдашы Э.Кнын жансыз денесин алып келип, медицина кызматкерлерине айылдашы тоо суусуна агып, каза болгондугун билдирип, белгисиз тарапка кетип калганы маалымдалган.


Аталган маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери жиберилген. Каза болгон адамды сырттан кароо жүргүзүү учурунда, анын башында жана колдорунда көптөгөн тытылган жаракаттар табылган, Мындай жагдайлар милиция кызматкерлеринде жарандын бөөдө кырсыктан каза болгондугу боюнча шектенүүлөрдү жараткан.

Иллюстрация

Жарандын эмне себептен каза болгондугун так тастыктоо үчүн, Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Андан тышкары, убакытты текке кетирбей милиция кызматкерлери каза болгон жаранды ооруканага алып келген адамдын жашаган жерине барышкан.

Бирок, ал үйүндө жок болуп чыкты. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Лесное айылынын тургуну М.М. Каракол шаарынан табышып, аны Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Анын көрсөтмөсүнө ылайык, каза болгон Э.К. үй-бүлөсү жок болгондуктан, акыркы 5 жылдан бери «Алтын-Арашан» жайлоосунда жайгашкан кашарында жашап, мал багып жүргөн.

5-июль күнү кечинде М.М. кашарына келсе, малчысы жок болуп чыккан. Малчысын издеп, аны кашардан 30 метр алыстыкта жайгашкан көпүрөнүн жанынан суудан таап алган. Эмне болду деген суроого, малчы көпүрөдөн сууга кулап кеткендигин билдирген. Жабырлануучунун абалы оор экенин көрүп, аны унаасы менен ооруканага жеткирүүгө аракет кылган. Бирок ал жолдон каза болгон.

Малчысын ооруканага калтырып, мал кароосуз калгандыктан кайрадан жайлоого кеткенин билдирген.
Берилген көрсөтмөнүн чын-төгүнүн аныктоо максатында Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, кашарды санкцияланган тинтүүдөн өткөрүшөт. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери кылдат катылган кандын издери бар сынган таяк менен малчынын төшөнчүсүн табышып, далил зат катары алышат.

Талашсыз далилдердин алдында Лесное айылынын тургуну М.М. чындыкты жашыра албай, малчынын өлүмү боюнча күнөөсүн мойнуна алды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, пикир келишпестиктен улам кашардын ээси малчысын таяк менен бир нече жолу башка ургандыгын жана анын абалы оор болгондон улам ооруканага жеткиргендиги аныкталган.

Ак-Суу райондук милиция кызматкерлеринин кесипкөй жана так жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жаран тарабынан адам өлтүрүү фактысын бөдө кырсык катары көрсөтүү аракети максатка ашпай калды.
Аталган окуя боюнча Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 122 (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү жаранга соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, Каракош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда, кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Яндекс.Метрика