Ден-соолук

Көмкөрөсүнөн жатып уктоо эмнеси менен коркунучтуу

Көп адамдар көмкөрөсүнөн жатып уктаганды жактырышат. Статистика көргөзгөндөй, көмкөрөсүнөн жатып уктоо – көп өлкөлөрдө эң таркаган поза. Бирок, анын канчалык пайдасы же зыяны бар, кандай көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн?

Эмнеге эркектер бул позадан баш тартыш керек – башкы себеби, импотенцияга алып келиши. Себеби, бул позада, адамдын бардык органдарына басым болуп, кан жүгүрүү начарлайт, өзгөчө жыныстык органдарда. Бул тууралуу испан окумуштууларынын эмгектери айтат.

Аялдарга терс болгон жагы – шишик менен бырыштар пайда болуу коркунучу. Дененин көкүрөккө келтирген басымынан улам, эмчектин бырышы менен чоюлуулары гана көбөйбөстөн, эмчек рагынын пайда болуу коркунучу алда канча көбөйөт. Ошондуктан аялдар үчүн бул позаны эң коркунучтуу деп аташат.
Мындан тышкары, көмкөрөңөн жатканда беттин дагы бырыштары көбөйөт. Бул аялга да, эркекке да тиешелүү.

Ошондой эле, испан врач-сексопатологдору, бул поза сексуалдык бузулууга алып келет деген жыйынтыкка келишти. Эгер бел жана арка менен көйгөйлөр болсо, бул поза такыр эле тыюу салынат.

Бул позадан баш тартуунун дагы бир чоң себеби бар. Ал гастрит менен карын жарасынын пайда болуу коркунучу. Бул, качан жатаар алдында тамак жеп алганда келет. Себеби, тамак сиңирүүгө өттөн суюктук бөлүнүп чыгат. Ошондуктан, жатканга чейин 3-4 саат мурун тамактануу сунушталат.

Бирок! Бул поза кээ бир адамдарга пайдалуу. Мисалы, ичиң ооруп жатканда. Эгер мындай абал болсо, врачтар көмкөрөңөн жатканды сунушташат. Анан дагы бул поза, бөйрөгү менен көйгөйү барларга ылайыктуу. Мындайча айтканда, бөйрөктөргө басым болбой, жеңил иштөөсүнө шарт түзөт.

Өзүңдү уктоого көндүрүүчү эң жакшы поза – бул оң капталга жатып уктоо. Эмнеге оң каптал? Себеби, жүрөккө басым болбой, арка омурткалары өзүнүн табигый ийилишинде болот – бул мээни кан менен камсыз болушунда башкы ролду ойнойт.

Яндекс.Метрика